III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтө турган XII эл аралык "Айтыш-2018" төкмө акындардын сынагында кыргыз акындары менен айтышка чыга турган казак төкмөлөрүнүн аттары белгилүү болду. Бул тууралуу республикалык "Айтыш" коомдук фондунун теңтөрагасы Асылбек Маратов билдирди.
"4-5-сентябрда өтө турган айтышка Казактын кайсы акындары келери белгилүү болду. Айтыш башталганда алгач чүчү кулак тартылып акындар бир кыргыз, бир казак акыны болуп жуптарга бөлүнөт. Айтыштын жалпы байге фонду 2 миллион сом. Жеңүүчү калыстар тобу тарабынан аныкталат", - дейт Маратов.
Буга чейин 15-августта Кырчын жайлоосунда айтышка чыга турган кыргыз акындарын тандап алуу туру өтүп, анда 8 акын иргелип чыккан.
Казак акындарынын тизмеси:
1. Айбек Калиев
2. Аспанбек Шыгатаев
3. Биржан Байтуов
4. Бөрүбай Орозумбетов
5. Максат Аканов
6. Кажымухан Абзалов
7. Жаркынбек Наушабеков
8. Нурлан Эсенкулов