Жайкы Азия оюндары: Дзюдочу Артур Те коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды

Бүгүн, 29-августта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында дзюдо боюнча мелдеш старт алып, 3 салмактык категорияда беттештер орун алды. Анда Кыргыз өлкөсүнөн Отар Бестаев, Артур Те жана Ксения Бельдягина катышты.

Артур Те 66 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, алгачкы беттешинде Ирактын дзюдочусу Мохаммед Саттар менен күч сынашты. Беттештин 2-мүнөтүндө Артур Те атаандашына карата ыкма колдонуп 1 упайга ээ болду. Муну менен беттеш соңуна чыгып, кыргыз спортчусу чейрек финалга аттанды. Анда Артур Те япониялык Маруяма Жоширо менен күрөшүп, тилекке каршы, утулуп калды. Япониялык спортчу финалга өтүп Артур Те көңүл жубатуучу раундда күч сынашууга мүмкүнчүлүк алды. Коло медаль үчүн беттешке чейинки күрөштө Те монголиялык дзюдочуну утуп алды.

Эми Артур Те коло медаль үчүн беттеште Дүйнө чемпиону өзбекстандык Шахрам Ахадов менен беттешет.

Отар Бестаев 60 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, жарым чейрек финалда Түндүк Кореянын спортчусу Жае Йонг менен күрөштү. Беттештин жүрүшүндө эки спортчу тең негизги убакытта упай ала албай, спортчулар кошумча убакытта беттешти улантты. Анда дзюдочулар дагы 2 мүнөт күрөшүп, соңунда Жае Йонг иппон менен жеңишти илип кетти.

Ксения Бельдягина кыз-келиндер арасындагы 52 килограммга чейинки салмак ченинде күрөштү. Ал алгачкы беттеште түркмөнстандык Гүлбадам Бабамуратова менен күрөшүп 0:1 эсеби менен жеңилүү ызасын тартып калды.

Муну менен дзюдо боюнча мелдештин алгачкы күнү Артур Те гана медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан