Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында алтын жана күмүш медалды тагынган жөө күлүк Дарья Маслова өкмөт буга чейин айтканын аткарса жараткан ийгилиги үчүн 2 миллион сом акчалай сыйлыкка ээ болот.
Буга чейин Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев Жайкы Азия оюндарында ийгилик жараткан спортчуларга өкмөт тарабынан ири көлөмдөгү акчалай сыйлык бериле турганын айткан. Анын айтымында, алтын медалга ээ болгон спортчу 1 миллион 250 миң сом, күмүш медалдын ээси 750 миң сом жана коло медалдын ээси 500 миң сомго сыйлык алат.
Буга байланыштуу Азия оюндарында жеңил атлетика боюнча мелдештин 5 жана 10 чакырымдык жарыштан алтын менен күмүш медалды тагынган Дарья Маслова 2 миллион сом алат;
Жиу-житсу боюнча мелдеште алтын медалга татыган Төрөкан Багынбай уулу - 1 миллион 250 миң сом;
Эркин күрөш боюнча мелдеште күмүш медалды багындырган Магомед Мусаев - 750 миң сом;
Грек-рим күрөшү боюнча мелдеште күмүш медалга ээ болгон Каныбек Жолчубеков менен Акжол Махмудов - 750 миң сомдон;
Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдештин күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова - 750 миң сом;
Жиу-житсу боюнча мелдеште күмүш медаль утуп алган Нурсултан Алымкулов - 750 миң сом;
Грек-рим күрөшү боюнча мелдеште коло медалдардын ээлери Амантур Исмаилов жана Үзүр Жусупбеков - 500 миң сомдон;
Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдеште коло медалдарды утуп алган Айпери Медет кызы менен Мээрим Жуманазарова - 500 миң сомдон;
Оор атлетика боюнча боюнча мелдештин коло медалынын ээси Иззат Артыков - 500 миң сом;
Жиу-житсу боюнча мелдештин коло медалынын ээлери Муртазали Муртазалиев менен Абдурахман Муртазалиев - 500 миң сомдон.
Пенчак-силат боюнча мелдеште коло медаль утуп алган Жолдошбек Акимканов жана Данияр Токуров - 500 миң сомдон;
Андан тышкары аталган спортчуларга президент, премьер-министр жана федерация тарабынан ар түрдүү сыйлыктар тапшырылышы мүмкүн.