Бүгүн, 29-августта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында дзюдо боюнча мелдеште кыргыз спортчусу Артур Те коло медалды тагынды.
Артур Те 66 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, коло медаль үчүн беттеште өзбекстандык Шахрам Ахадов менен күч сынашты. Беттештин жүрүшүндө эки спортчу тең негизги убакытта упай ала албай, спортчулар кошумча убакытта беттешти улантты. Анда кыргыз спортчусу ыкма колдонуп 1 упайга ээ болду.
Муну менен жеңиш Артур Теге ыйгарылып, кыргыз спортчусу коло медалды тагынды.
Артур Те Кыргыз капчыгына 18-медалды алып келди. Буга чейин Кыргыз спортчулары 2 алтын, 6 күмүш жана 9 коло медалга ээ болушкан.