Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаардык ооруканасынын төрөт бөлүмүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн 1 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Тиешелүү буйрукка президент Алмазбек Атамбаев кол койду.