super.kg logo

"Чиедей эки баламды жетим калтыргым келбей, жардам сурап кайрылганга аргасыз болдум" дейт боордун циррозунан жабыр тарткан ата

 

Жалындаган жаштык курагында оор илдет менен күрөшүп, кайдыгер эмес адамдардан жардам сурап жаткан Милан Садыкжан уулу 24 гана жашта.

"Телеканалдардын биринде оператор болуп эмгектенип, бош учурда элдин жакшылыгында кызмат кылып той, ар кандай мааракелерди тартып, монтаждап берчүмүн. Эл катары ата-энемдин ак батасын алып үйлөнүп, алгач кыздуу, андан соң уулдуу болдум.

2012-жылы ооруп калганыма байланыштуу облустук ооруканага жаткам. Алгач мени бөйрөгүңө суук тийиптир деп эле дарылап жатышты, ошол мезгилде эле боорум ооручу экен. 2018-жылдын январь айында кайрадан оорунун айынан дарыгерлерге кайрылганымда, мага "бооруң кургап кетипти, тез аранын ичинде бооруңду алмаштырыш керек" деп билдиришкен", - дейт каарманыбыз.

Оорунун айынан бузулган үй-бүлө...

Жубайым мен ооруп калгандан кийин кетип калды. 2 балам менде. Кызым 5 жашта, уулум болсо 3 жашта. Ушул чиедей балдарымдын келечеги үчүн оору менен алышып келе жатам. Мен дагы башка ата-энелердей болуп балдарыма жакшы шарттарды түзүп, алардын жаркын келечегин көргүм келет. Кызым эртели-кеч айланчыктап жанымдан чыкпайт, мага өтө жакын. Кызым менин абалымды көрүп ыйласа, жанымды коёрго жер таппай, жүүнүм бошоп, жүрөгүм тилинет.

Үзүлбөгөн үмүт...

Азыркы тапта ата-энем менен турам. Алар болгон күчүн жумшап мени айыктыруунун аракетин көрүп жатышат. Дары-дармек алыш үчүн өзүмдүн жана ата-энемдин унаасын саттык. Дарыканаларда иштеген тааныштардан каражат жетпегендиктен керектүү дарыларды карызга алчумун. Алар менин абалымды көрүп, карыздарын кечкендигин айтышты. Боорумду алмаштыруу үчүн Индияга барып операция жасатып келүүм зарыл.

Операцияга болжолдуу эсеп менен 50 миң доллар керектелет экен. Бул акчаны толугу менен ата-энем жана жакындарым таба албасына көзүм жетип, элден жардам сураганга аргасыз болдум. Башында элге жардам сурап кайрылуу керектигин укканда намыстанып макул болбой койгом. Бирок абалым күндөн күнгө оорлошуп жаткандыгына байланыштуу бул кадамга барууну чечтим. Операцияга керектеле турган акчанын аз бөлүгүн жакындарым жана ата-энем таап берибиз деп жатышат.

Учурда материалдык колдоого муктаж болуп жаткан Милан Садыкжан уулунун байланыш номери 0778 33 45 45, Элсом номери 0778 27 52 52.


кошулду


Милан Садыкжан уулу жардамыңыздарга муктаж

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(19)
29.08.2018. 18:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
167
Катталган:
05-05-2018
Соӊку аракети:
17-11-2018 18:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Уч-Коргон
+21
Озунун балдарын таштаган аялына тан калдым,акча табылып калса экееен эми....
29.08.2018. 18:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
646
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
17-11-2018 14:02
Жынысы:
Белгисиз
+16
Аллахым шыпаасын берип айыгып кетиниз байке.Эч ким оорубасынчы.Аялыныз женил ойлуу экен.Барынан жогу жакшы андай аялдын
29.08.2018. 18:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
124
Катталган:
14-01-2015
Соӊку аракети:
13-11-2018 21:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия Иркутск ♥♥Озгон♥♥
+20
Балдарыныздын бакТысына. болун айыгып кетин.каяктагы болбогон оюндарга акча короткондон коро ушундай адамдарга жардам берсенер болбойбу
29.08.2018. 19:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
152
Катталган:
29-12-2017
Соӊку аракети:
15-11-2018 16:32
Жынысы:
Белгисиз
-6
Тенирим оорудан сактасын. Оорунан жакшысы жок. Оорубайлык
29.08.2018. 19:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
03-02-2018
Соӊку аракети:
17-11-2018 07:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+7
Ka2sr1, Кайсы тениринди айтып жатасын? Жараткан алла, баары алланын буйруганыдай болот. Алла озу меенетине кошо шыпаасын берсин. Балдарын, ата энесинин бактысына айыгып кетсин.
29.08.2018. 19:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
152
Катталган:
29-12-2017
Соӊку аракети:
15-11-2018 16:32
Жынысы:
Белгисиз
-6
Safiya91,Кудайды оз козун менен коргондой суйлойсун да. Мен кудайы Тенир деп атайм кыргызча ат менен. Мен кыргызчылык салт менен жашаган адаммын. Арабтардын салтын тутпайм. Толерантуулука уйронгулочу.
Ka2sr1 түзөттү 2018-08-29 19:33:49
29.08.2018. 22:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
17-05-2018
Соӊку аракети:
09-11-2018 00:37
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жубайын тескерисинче жанында болсо болмок, неге кетип калды экен?.... Кудайым шыпаасын берсин, Аллахым суранам Миланга узун омур бере кор
29.08.2018. 22:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
11-11-2011
Соӊку аракети:
18-11-2018 00:20
Жынысы:
Белгисиз
+12
Аз да болсо элсомдон акча которолу жардам берели куч бирдикте да жардамыныздарды аябаныздар.
30.08.2018. 00:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
29-12-2016
Соӊку аракети:
18-11-2018 00:07
Жынысы:
Белгисиз
+10
айыгып кетиниз аялыныз уялсын
30.08.2018. 09:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
187
Катталган:
03-08-2015
Соӊку аракети:
10-11-2018 13:13
Жынысы:
Белгисиз
+4
Россиядагылар үчүн Сбербанктан дагы счет ачтырса жакшы болмок. Элсомду түшүнбөйт экенмин. Аллах шыпаасын берсин, батыраак айыгып кет, колдон келишинче жардам кылайлы туугандар.
30.08.2018. 09:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
183
Катталган:
19-07-2013
Соӊку аракети:
06-11-2018 16:24
Жынысы:
Белгисиз
+5
Урматтуу ырчылар, тамада алып баруучулар, продюсерлер Сиздер да кошумча кайрымдуулук концерттерин уюштуруп акча чогултууга комоктошсонуздор сураныч. Элсом ачылса 10 сом болсо да которо берели "Коп тукурсо кол болот"..
30.08.2018. 09:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
183
Катталган:
19-07-2013
Соӊку аракети:
06-11-2018 16:24
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жардамыбызды аябайлы урматтуу биртуугандар, Милан Садыкжан Уулу кара сарык (церроз печени) оорусуна чалдыккан. 24жаштагы уулубуздун жаш өмүрүн сактап калалы, көп түкүрсө көл болот.
077833 45 45 Милан Садыкжан Уулу
Элсом: 0778 27 52 52.
Медиа-портал
30.08.2018. 10:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
30-04-2018
Соӊку аракети:
16-09-2018 13:57
Жынысы:
Белгисиз
+11
Коруп алып ыйладым чынында аябай окунучтуу Алла Таалам шыпасын берсин мен да дуа кылам буйруса айыгып кетесин......
30.08.2018. 13:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
82
Катталган:
11-09-2016
Соӊку аракети:
05-11-2018 11:51
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллаж шыпаасын берсин сакайып кет жардам беребиз
30.08.2018. 13:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
82
Катталган:
11-09-2016
Соӊку аракети:
05-11-2018 11:51
Жынысы:
Белгисиз
0
аялына тушунбой калдым ушундай да аял болобу кайрадан жанында жолоп таяп журбойбу донор болсо да болот аялы эгер кан топтору туура келсе
30.08.2018. 15:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
251
Катталган:
15-08-2017
Соӊку аракети:
16-11-2018 22:01
Жынысы:
Белгисиз
+1
Самара Каримова сенин инин экен. Акчан коп болсо ушул баланын сообуна калып жардам берсен жакшы болмок
30.08.2018. 15:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
29-07-2014
Соӊку аракети:
23-09-2018 01:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
-3
Биринчиден жакшы болуп кеткиле.Экинчиден ошол эле оору мн аял ооруса таштап кетип оорубаса деле таштап кетип жатпайпы эркектер аа эмнеге аял ошентпеш керек. Аял эмне учун баарына чыдаш керек бул дуйного чыдаш учун келгенби???
30.08.2018. 16:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
23-02-2017
Соӊку аракети:
17-11-2018 19:57
Жынысы:
Белгисиз
0
dasdua,тооба кылдым кайтар дуйно эртен ошол аялдында башына мушкул иш тушот кутулдум деп ойлобосу бул мумкун сыноодур
30.08.2018. 19:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
26-03-2017
Соӊку аракети:
07-11-2018 15:17
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аялын ит экен аллахым шыпаасын берсин айыгып кет. Россиядагылар учун сбербанк эсеп ачкыла. Урматтуу кыргыз бир боордоштор, келгиле эки чырактай наристенин келечеги учун коп тукурсо кол болот, кыргыз эч качан бир тууганын таштаган эмес, коншу казак, озбек элдерге да жардам колун сунган, озубуздун жигитти сактап калалы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117840;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: