Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын Палестина менен Сирияга каршы жолдоштук беттештерине билеттер сатыла баштады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынан билдирди.
Аталган беттештерге билеттердин баасы белгиленген тилкеге жараша 250, 350, 500 жана 1 миң 500 сом болот. Билеттерди стадиондун кассасынан күн сайын саат 11:00дөн 20:00гө чейин сатып алууга болот.
Палестинага каршы беттеш 6-сентябрда орун алса, Сирияга каршы беттеш 10-сентябрда өтөт. Беттештер саат 20:00дө башталат.