“Түндүк электр” ишканасы эл аралык “Golden Jaguar” сыйлыгына көрсөтүлдү
Украинанын ишкер чөйрө ассамблеясынын президиуму Европа бизнес ассамблеясынын “21-кылымдын лидерлери” эл аралык программасынын өнөктөш-координаторлорунун жана башкалардын колдоосу менен 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча “Түндүк электр” компаниясын “Golden Jaguar” ардактуу сыйлыгына көрсөтүүдө. "Түндүк электрдин" басма сөз кызматы билдиргендей, компания бул сыйлыкка бизнести кемчиликсиз жүргүзгөндүгү, жогорку кесипкөйлүгү жана өнөктөштүк ишенимдүүлүгү үчүн сунушталып жатат. Сыйлыкты тапшыруу аземи 22-августта Киевдеги “Кичи Марин" сарайында өтөт. Айта кетсек, “Golden Jaguar” - 21-кылымдын лидерлери” эл аралык программасынын алкагындагы сыйлыктардын бири. Бул программа Евразия аймагынын 28 өлкөсүндө иштеп, таасирлүү эл аралык уюмдар тарабынан колдоого алынган. Максаты – ишмердиктин кесипкөй тармактарындагы лидерлердин күчтөрүн экономиканы өнүктүрүүгө, социалдык стандарттарды көтөрүүгө багыттоо болуп саналат.