Голливуд жылдыздарынын бири актриса, продюсер жана режиссёр Дэрил Ханна 57 жашында алгачкы ирет турмушка чыкты.
Белгилүү болгондой, актриса 72 жаштагы канадалык рокер Нил Янгдын колун кармап, үлпөт той Калифорнияда өткөн. Дэрил Ханна менен рокер Нил Янг 4 жылдык сүйүү мамилесинен кийин баш кошту.
Дэрил Ханна 1960-жылы 3-декабрда АКШнын Чикаго штатында төрөлгөн. Кичине кезинде бийчи болууну каалап, кийинчерээк актёрлук кесипке кызыгып, өзүн тасма талаасында сынап көргөн. Атактуулукту "Биллди өлтүрүү" фильми алып келген. Жеке жашоосунда баш айланткан сүйүүгө кабылганы менен турмуш куруп, үй-бүлөлүү болууга ашыккан эмес.
Ал эми музыкант Нил Янг 1945-жылы 12-ноябрда Канаданын Торонто шаарында төрөлгөн. Ал 15 жашынан тарта музыка дүйнөсүнө аралашып, группа түзгөн. Жалпысынан 30дан ашуун музыкалык альбом чыгарган.