Жулия Флорес узак өмүр сүрүүнүн сыры үзгүлтүксүз эмгектенүү, табигый жана жогорку сапаттагы азыктар менен туура тамактанууда деп айткан. Мындан сырткары ал узак жашоо үчүн дайыма жакшы маанайда жүрүү керектигин баса белгилеген. Анын ашканадагы тамак тизмесинде жашылча-жемиштер, күрүч, кесме жана эт бар. Бирок кээде кока-кола ичерин да жашырган эмес.
Жулия Флорес өмүр бою Боливиянын Потоси департаментинин тоолуу аймагында жашап, мал чарбачылык жана жашылча өстүрүү менен алек болуп келген. Эки дүйнөлүк согуштун жана көптөгөн революциялардын күбөсү болгон аял бир дагы жолу турмушка чыкпаганын айткан. Учурда ага бир туугандарынын небере-чөбүрөлөрү каралашат.
Боливиялык эң кары аял өзүнүн эне тили болгон кечау тилинде сүйлөп, түндүк америкалык индей элдеринин байыркы музыкалык аспабында ойногонду жактырарын айткан.
Айрым чет элдик басылмалар Жулия Флорестин "Гиннесстин реккорддор китебине" катталбай калганын жазып чыгышкан.