"Asia Mall" соода борбору 31-августта шаар тургундарына жана меймандарына 1 тонна боорсок таратып, түрдүү белектерди ойнотот

31-августта "Asia Mall" соода борборунун ачылганына 1 жыл болот. Анын урматына жана 31-август - Эгемендүүлүк күнүнө карата аталган соода борбору Бишкек шаарынын тургундарына, меймандарына бир тонна боорсок тартуулайт.

Иш-чаранын уюштуруучулары 1 тонна боорсок жасоо менен өлкөбүздөгү рекорддук көрсөткүчтү жаратууну пландап жатат.

Мындан тышкары "Asia Mall" соода борбору 1 жылдык майрамды утурлап келгендерге көптөгөн күтүүсүз белектерди камдап койду. Ал эми салтанаттуу иш-чарада "Жарайт сити" долбоорунун жигиттери кызыктуу оюн куруп берсе, кечинде кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчылары шоу концерт тартуулашат.

Баса, соода борборундагы дүкөндөрдө арзандатуулар болуп, түрдүү белектер дагы ойнотулат.

Эң башкысы, "Asia Mall" соода борборуна келүү оңой жана акысыз. Анткени соода борбордун администрациясы сиздерге ыңгайлуу болсун үчүн кичи автобустарды даярдап койгон. Кичи автобустар сиздерди "Asia Mall`дун" короосуна чейин бекер алып келет.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан