Казакстанда 2021-жылы I Дүйнөлүк этноспорт оюндары өтөт. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Аталган өлкөнүн Улуттук оюндар ассоциациясынын президенти Бекболат Тилеухандын маалымат жыйынында билдиргенине ылайык, 13-14-августта Түркиянын Стамбул шаарында этноспорт маселелери боюнча ЮНЕСКОнун IV комплекстүү консультативдүү кеңешмеси болуп өткөн. Аталган кеңешмеде Казакстандын Астана шаарында I Дүйнөлүк этноспорт оюндарын өткөрүү чечими кабыл алынган.
Аталган оюндарда казак күрөшү, көк бөрү, тыйын эңмей, оодарыш, тогуз коргоол боюнча медалдар топтому ойнотулат.
"Казакстандын Улуттук оюндар ассоциациясы Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын толук кандуу мүчөсү болду. I Дүйнөлүк этноспорт оюндарын өткөрүү - биз үчүн чоң жоопкерчилик. Аталган иш-чара улуттук оюндарды кеңири жайылтууга зор салымын кошот", - деп билдирген Бекболат Тилеухан.