Бүгүн, 30-августта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын алкагындагы дзюдо боюнча мелдештин 2-күнү орун алууда. Анда Кыргыз өлкөсүнөн Бектур Рысмамбетов катышат.
Бектур Рысмамбетов 73 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп, алгачкы беттеште шри-ланкалык Чамара Нуван менен күч сынашып, аны 2 мүнөттүн ичинде иппон ыкмасы менен утуп алганга жетишти. Жарым чейрек финалда Рысмамбетов монголиялык дзюдочуга туш келип, аны 3 мүнөттүн ичинде иппон менен утуп алды. Чейрек финалда кыргыз дзюдочусу ирандык Мохаммеди Мохаммад менен күрөшүп, тилекке каршы, 0:1 эсеби менен жеңилип калды. Жыйынтыгында ирандык спортчу финалга өтүп, Рысмамбетов көңүл жубатуучу раундда күч сынашканга мүмкүнчүлүк алды. Анда ал тажикстандык Бехрузу Хожазода менен беттешип, 4 мүнөттө иппон менен жеңип алды.
Муну менен Бектур Рысмамбетов коло медаль үчүн күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк алып, анда Бириккен Араб Эмираттарынын спортчусу Виктор Сквортов менен беттешет.