Бүгүн, 30-августта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын алкагындагы дзюдо боюнча мелдештин 2-күнү орун алууда. Анда Кыргыз өлкөсүнөн Владимир Золоев катышууда.
Владимир Золоев 81 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, алгачкы беттеште ал сириялык Мохаммед Касем менен күч сынашты. Беттештин жүрүшүндө сириялык дзюдочу 3 жолу эскертүү алып, жеңиш Золоевге ыйгарылды. Чейрек финалдык беттеште Владимир Золоев түштүк кореялык спортчуга 0:1 эсеби менен утулуп калды. Кореялык дзюдочу финалга чыгып, Золоев көңүл жубатуучу раундда кытайлык спортчу менен күч сынашты. Беттештин жүрүшүндө Золоев иппон ыкмасын колдонуп, атаандашын утуп алды.
Муну менен Владимир Золоев коло медаль үчүн беттешүүгө мүмкүнчүлүк алып, анда япониялык Такеши Сасака менен күч сынашат.