30-июнь күнү Жети-Өгүз районуна караштуу Жон-Булак айыл аймагында 12-13 жашар өспүрүмдөр арасында чыккан маассалык мушташ улуттар аралык жаңжал эмес. Жети-Өгүз РИИБинин башчысы Калыс Жудеевдин айтымында, араздашуу жөн гана түшүнбөстүктөн чыгып, ал учурда жабыр тарткандар болгон эмес. Ошондой эле араздашкан эки тарап тең кыргыз улутундагы жарандар болгон. Чыр-чатактан кийин айыл аксакалдары өспүрүмдөрдү элдештирип, ынтымакка чакырган. Учурда аталган айыл аймагында абал тынч.