Бизге "Чак түш" комедиялык тасмасы аркылуу таанымал болгон актёр Крис Такер 1971-жылы 31-августта АКШнын Жоржиа штатында туулган.
Анын атасы таштанды терип, апасы пол жууп иштегендиктен үй-бүлөсү жетишпеген жашоодо жашап, 6 бир туугандын кичүүсү Крис эже-агаларынын кийимдерин кийип чоңойгонун айтып келет.
Ал кичинекей кезинен адамдарды туурап, элди күлкүгө бөлөгөн таланттын ээси эле. Ошондой эле сыналгынын алдында эртеден-кечке отуруп жаңы чыккан кинолорду калтырбай көрүүдөн тажабагандыктан, окуусун аяктаган соң актёрлук кесипке болгон кызыгуусу күчөгөн.
Актёр 1994-жылдан тарта бир топ тасмаларга тартылганы менен, элдин эсинде каларлык ийгилик жарата алган эмес. Кийинчерээк "Жума" аталышындагы комедия жанрындагы тасмада башкы каармандын образын жаратып, атактуулуктун даамын таткан.
Ошентсе да өзү каалагандай баш айланткан популярдуулукка жете албай, карьерасын аз убакытка токтотуп турууну чечкен. Тыныгуудан соң "Бешинчи элемент" фильмине тартылып, 10 жылдан бери жете албай жүргөн атак-даңкка жеткен.
1998-жылы белгилүү актёр Жеки Чан менен бирге тартылган "Чак түш" тасмасы жарык көрүп, кино дүйнө элинин купулуна толгон эң алдыңкы фильмдердин катарына кирген. 2001-жылы аталган тасманын 2-бөлүмү чыгып, дүйнөлүк көрсөтүүлөр боюнча 330 миллион доллар киреше алып келген. Мындан улам "New Line Cinema" студиясы актёр "Чак түштүн" бардык бөлүмүнө тартылуусу үчүн аны менен 45 миллион долларга келишим түзгөн.
2012-жылы "Менин жигитим акылдан азган" деген аталыштагы тасмага тартылган. Кызыгы, анын карьерасында тартылган кинолорунун саны башкаларга салыштырмалуу азыраак. Бул боюнча актёр: "Акча үчүн татыксыз фильмдерге тартылып баркыңды кетиргенче, аз болсо да сапаттуу тасмаларга тартылуу жакшы", - деп санга эмес, сапатка көңүл бура турганын айткан. Ар бир тасмага тартылуусуна 20 миллион доллардан алуу менен өзүнүн карьерасын эми гана башталып жатканын белгилейт.
Ошондой эле ал 20 бала төрөп бере турган аял алгысы келгенин жашырбайт. Баарынан дагы көрөрмандарына таарынганы жакындарын акыркы сапарга узатуу зыйнатында аны күлдүрүүсүн суранышканын айтып келет.
Актёрлуктан сырткары ырга шыктуу. Бош убактысында созолонто ырдап, бугун чыгарып алуу – анын хоббиси.
Жеке жашоосу
Крис Такердин жеке жашоосу тууралуу көп маалымат жок. Ошентсе да чет элдик басылмалар анын Дестин Кристофер аттуу уулу бар экенин, бирок анын апасы менен актёр ажырашып кетишкенин жазып жүрүшөт.