Бүгүн, 30-августта Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында көк бөрү боюнча президенттик кубоктун финалдык беттеши өтүп жатат.
Аталган беттеште 1-орун үчүн "Бакубат-Талас" менен ысык-көлдүк "Толкун" командалары күч сынашууда. Оюн кызуу жүрүп, 2 команда тең өзүнүн мыкты даярдыкта экенин көрсөтүүдө.
"Бакубат-Талас" командасы тайпалык баскычта атаандаштарына мүмкүнчүлүк бербей 9:0 жана 6:0 ири эсептеринде утуп, жарым финалга аттанган. Жарым финалдык беттеште алар Чүйдүн "Сары-Өзөн Рассвет" командасы менен күч сынашып, 6:1 эсебинде жеңишке жеткен.
"Толкун" командасы тайпалык баскычтын алкагындагы алгачкы беттешинде Чүйдүн "Арашан" командасы менен күч сынашкан. Бул беттештин жүрүшүндө "Арашан" алгачкы 2 таймда 4:0 эсеби менен келе жатып, 3-таймда "Толкун" эсепти 4:4 кылып кеткен. Кошумча таймда жеңүүчү аныкталбай, командалар буллиттер сериясын аткарышкан. Анда ысык-көлдүк команда мыктыраак болуп, жеңишти илип кеткен. 2-беттешинде "Толкун", "Сын-Таш" командасы менен беттешип, 19:0 эсеби менен утуп алган. Муну менен ысык-көлдүктөр жарым финалга өтүп, анда Таластын "Шыралжын" командасын 3:1 эсебинде утуп алды.