Рахман Разыков: "Куудулдар да кыргыз тилинен сынак тапшырып, өткөнүбүз куудул, өтпөгөнүбүз мэр болобуз"

Куудулдар да кыргыз тилинен сынак тапшырып, сынактан өткөндөр куудул, кулап калгандар мэр болот. Мындай тамашалуу пикирин сатирик Рахман Разыков ырчы, куудул Борончу Кудайбергенов менен биргеликте өткөргөн маалымат жыйында билдирди.

"Биз токтоп калган "Ар бир айдын алтысы" аттуу долбоорубузду кайрадан баштаганы жатабыз. Долбоор бир топ саясатчылардын ачык да, тымызын да бизге көрсөткөн кысымдарынан улам токтоп калган. Анткени биз концертибизде тамаша аркылуу коррупционерлерди элге уяткарчубуз. Эл ай ичинде болгон саясаттагы өзгөрүүлөрдү, жаңылыктарды биздин концерттен угуп калышкан.

Азыр президент баш болуп коррупция менен күрөшүп жаткан учурда долбоорду улантуу мезгили келди деп ойлойбуз. Жаңы концертте деле мурдагыдай 60-70 пайыз саясий сатираларды алып чыгабыз. Мисалы, куудулдардан кыргыз тилинен сынак алабыз. Сынактан өткөнү куудулдукка кабыл алынат, өтпөй калгандары мэр болушат", - деди Рахман Разыков.

Ал эми Борончу Кудайбергенов төмөндөгүлөрдү кошумчалады: "Бул долбоор убагында бир топ саясатчылардын сынына кабылган. Мээрбек Мискенбаев жана башка саясатчылар бизди "террористтер" деп атап, "өлкөнү түндүк-түштүккө бөлүп, чагымчылдык кылып жатышат" дегенге чейин барышкан. Азыр жаңы бийлик келип, андан бери бир топ өзгөрүүлөр болду. Андыктан мурункудай куугунтук, кысымдар болбойт деп үмүттөнөбүз".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Dalil
2018-08-30 18:24:35
Чындыкты бетке айткан куудулдар. Ачык да көмүскө да жеген аткаминерлердин тизгинин куудулдар тартып турушат.
+13
Flowhive
2018-08-30 18:47:44
Бирок чындап эле Тынар элди бөлүп жарып жиберди,ар облуска шылдың кылып
-13
sirgak_92
2018-08-30 18:54:45
Тынар менен Борончу экөө бөлүнгөн тамашаларды көп ойнойт
-7
Kyrgyz_bloger
2018-08-30 19:49:50
Саясатчыларды элге уяткарчубуз дейт шайлоодо акча учун бут Кыргызстанды айланып мактагандары эсинен чыктыбы булар деле сойкулардай ким акча берсе ошону менен боло берет, мактаган адамы качып кетсе деле уялбайт
+2
Tuki110592
2018-08-30 21:34:21
Борончу байкебиз Бабанов деп атпады беле эми кугунтук болбойт дейт
+3
Baatirbek81
2018-08-31 01:10:38
Куудулдар кубулуп турарлар,болгонун болгондой туурашат жакшы молодцы!
0
Kroxa
2018-09-06 00:32:09
Куудулдар Мэр болушу мумкун Мэр куудул боло албайт дечу элек азыркы Мэр аман болсун...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан