Көк бөрү боюнча мелдеште "Сары-Өзөн Рассвет" командасы 3-орунду ээледи

Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында өтүп жаткан көк бөрү боюнча президенттин кубогунун финалдык оюндарында "Сары-Өзөн Рассвет" командасы "Шыралжын" командасын жеңип 3-орунду ээледи.

Аталган мелдешке жалпы 12 команда катышып, алар 4 тайпага бөлүнгөн. Мелдештин тайпалык баскычынын жыйынтыгында жарым финалга "Толкун", "Шыралжын", "Сары-Өзөн Рассвет" жана "Бакубат-Талас" командалары өткөн.

Жарым финалда "Толкун" менен "Шыралжын" жана "Бакубат-Талас" - "Сары-Өзөн Рассвет" командалары күч сынашкан. Анда "Толкун"-"Шыралжын" беттеши 3:1 эсеби менен жыйынтыкталса, "Бакубат-Талас" менен "Сары-Өзөн Рассвет" беттеши 6:1 эсебинде аяктаган. Жыйынтыгында 1-орун үчүн "Толкун" менен "Бакубат-Талас", ал эми 3-орун үчүн "Шыралжын"-"Сары-Өзөн Рассвет" командалары кез келмек.

3-орун үчүн болгон беттеште "Сары-Өзөн Рассвет" командасы өзүнүн шамдагайлыгын көргөзүп, атаандашы болгон "Шыралжын" командасынын тай казанына 4 улак салганга жетишкен.

Көк бөрү боюнча президенттик кубокту "Бакубат Талас" жеңди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан