СССРдин Эл артисти Иосиф Кобзон 80 жаш курагында узакка созулган оорудан улам дүйнө салды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты.
Эске салсак, Иосиф Кобзон 2005-жылдан бери рак илдети менен жабыркап келген. Ушул жылдын 18-июнунда анын ден соолугу начарлап онкологиялык борборго кайрылган. Ал бир айдан ашуун убакыттан бери химиялык терапия жолу менен дарыланып жаткан.
Маалымат үчүн:
Иосиф Кобзон 1937-жылы 11-сентябрда Украинанын Донецк облусуна караштуу Часов Яр шаарында төрөлгөн. 1959-1962-жылдары Бүткүл союздук радио түйүнүндө эмгектенген. Андан кийин мамлекеттик концерттик уюмда ырчы болуп иштеген. Иосиф Кобзонго Бүткүл союздук атактуулукту "А у нас во дворе" деген ыры алып келген. Дал ушул жылы орусиялык эстрада артисттеринин сынагынын, Польшадагы эл аралык сынактын лауреаты болгон.
1963-жылы Мамлекеттик музыкалык-педагогикалык институтта вокал боюнча билимин алса, 1974-жылы Марксизм-ленинизм университетин бүтүргөн.
1984-жылы Мамлекеттик музыкалык-педагогикалык институтта эстрадалык вокал боюнча сабак бере баштаган. 1993-жылы профессор болгон.
Ал эми 1973-жылы Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын мүчөсү, 1989-жылдын май айынан 1991-жылдын сентябрына чейин СССРдин Эл депутаты жана "Союз" депутаттык тобунун мүчөсү болгон.
1997-жылы Мамлекеттик Думанын депутаты болгон. 1999-жылдан тартып депутаттык топтун, партиянын мүчөсү катары Мамлекеттик Думанын II-VII чакырылыштарындагы депутаты.
2015-жылы Донецк Эл Республикасынын Эмгектин Баатыры, 2016-жылы Орусия Федерациясынын Эмгектин Баатыры деген жогорку сыйлыктарга ээ болгон.
Репертуарындагы белгилүү ырлар "Смуглянка", "День победы", "Доченька", "Майский вальс" жана башкалар.