Бүгүн, 30-августта Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында көк бөрү боюнча президенттик кубоктун финалдык беттеши өттү. Анда 1-орун үчүн "Бакубат-Талас" менен ысык-көлдүк "Толкун" командалары күч сынашты. Оюн кызуу жүрүп, 2 команда тең өзүнүн мыкты даярдыкта экенин көрсөтүштү.
Кыл чайнашкан кармаштын жыйынтыгында "Бакубат-Талас" командасынын оюнчусу Астаркул Табышев 1-бөлүктүн жүрүшүндө атаандышынын тай казанына 1 улак салып командасына жеңиш алып келди.
1 миллион 400 миң сомду түзгөн мелдештин жалпы байге фонду төмөндөгүдөй бөлүндү:
1-орун 500 миң сом;
2-орун 200 миң сом;
3-орун 100 миң сом.
Ал эми мелдешке катышкан калган 8 команда 20 миң сомдон акчалай сыйлыкка ээ болушту.