1-2-июль күндөрү Жогорку Сотко караштуу судьяларды окутуу борбору USAID жана ИДЛО уюмдарынын Кыргызстандагы сот тутумун бекемдөө программасы менен биргеликте “КРнын сот тутумун каржылык пландоо жана божомолдоо” темасында окутуу өткөрүүдө. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди. Семинарга республикадагы облустук соттордун төрагалары, КРнын сотторунун аппарат кызматкерлери жана Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин кызматкерлери, жалпы 31 кызматкер катышууда. Окутуунун программасына ылайык төмөнкү маселелер каралууда:
- Соттордун жана сот органдарынын бюджетин түзүү тартиби жана мөөнөттөрү
- Чыгашалардын беренелерин классификациялоо
- Бюджеттин долбоорун чыгашалардын беренелери боюнча түзүү
- Чыгашалардын беренелер боюнча эсеп-кысабы
- Каржылык пландоо: этаптары жана ыкмалары.