Саясат таануучу Орозбек Молдалиев: "Бир кезде Атамбаев Текебаевди талтайып көпкө тура албайт деп айтты эле, азыр өзүнүн партиясы ошол абалда турат"

КСДПнын саясий кеңешинин чечими менен Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев партиядан чыгарылды. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "КСДП катарын тазалоону Жогорку Кеңештин депутаттарынан баштады. Партияда жок, фракцияда бар КСДПны жакын арада кандай тагдыр күтүп турат?" деген соболуна саясат таануучу Орозбек Молдалиев жооп берди.

Молдалиев КСДП ооз ачкандарды тазалап отурса, анда анын келечеги жана барар жери бүдөмүк экенин айтты.

"КСДП былтыркы жылдан баштап эле демократиянын принциптеринен сыртта экенин далилдеп келе жатат. Ренат Самудинов былтыр "президенттик шайлоого талапкерди тандоо жолу менен алып чыгалы" деп жакшы сунуш берген. Муну КСДП колдонсо эл тарабынан жакшы колдоо тапмак. Тилекке каршы, Самудиновду куугунтукка алып, партия бир гана чечим чыгарат деп компартиянын принцибине өткөн. Мындан сырткары партиянын ичинен өз алдынча шайлоого катышууга ниети барларды да кагып-силкип, авторитардык партия экенин далилдеген. Андан башка Жанар Акаевди бийликке сын айтканы үчүн партиядан чыгарып салган. Кожобек Рыспаевди Бишкек ЖЭБинин мурдагы башчысы Нурлан Өмүркул уулун калкалап жатат деп партиядан чыгарып жибергени туура эмес. Эгер ага кылмыш иши козголуп, Өмүркул уулуна депутат тоскоолдук жаратып жатса, анда далилдер менен айтуу керек. Маселенин башка жагын алсак, сын-пикир айткандарды партиянын катарынан чыгарып салган туура эмес. Батыштын партияларында деле сын айткандар бар. Алар сын-пикир айтканы үчүн партиянын катарынан чыгып калышпайт", - деди Молдалиев.

КСДП фракциясынан депутаттар Төрөбай Зулпукаров, Айнуру Алтыбаева, Ирина Карамушкина, Мухтарбек Айнакулов, саясий серепчи Марс Сариев, КСДПнын мурдагы мүчөсү Ренат Самудинов, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Фарид Ниязовдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан