Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Аскарбек Жаныбеков ээлеген кызматынан бошотулду. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, ал өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн, 2-июлда кол койгон. Эске сала кетсек, Аскарбек Жаныбеков бул кызматка 13-июнда дайындалган эле.