Талас. 1-июлга карата таластык дыйкан, фермерлер 205 миллион сомдук жеңилдетилген насыя алышты

Талас облусунда өкмөттүн 2013-жылдын 12-январындагы “Айыл чарбасын каржылоо долбоору жөнүндөгү” тотомунун негизинде 1-июлга карата 1151 дыйкан, фермерге суммасы 205 миллион 52 миң сомдук жеңилдетилген насыялар берилди. "Бул - өкмөт тарабынан бөлүнгөн насыялардын 73,1 пайызы ээлерине берилди дегенди билдирет",- деди 2-июлда өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Казыбек Медетбеков. Айтымында, берилген насыялардын 24 миллион 770 миң сому талаачылыкты, 180 миллион 282 миң сому мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталды. 

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан