Бишкекте 6 кабаттуу жаңы оорукана ачылды

Бүгүн, 2-июлда Улуттук госпиталдын аймагында жаңы, 6 кабаттуу республикалык илимий урология борборунун салтанаттуу ачылыш аземи болду. 150 орундуу бул бейтапкана Кытай өкмөтү тарабынан гранттык негизде курулуп, заманбап медициналык жабдыктар менен камсыздалган. Бул жаңы оорукана урологиялык жактан ооругандарга жана көзү жабыркагандарга жардам көрсөтүүчү мамлекеттик борбор болуп саналат. Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Мирбек Нуралиев белгилегендей, жаңы имаратта заманбап талаптарга ылайык жабдылган 4 урологиялык операция кылуучу бөлүм жана 1 офтальмологиялык операция жасоочу бөлүм жайгашкан. “Бул оорукана операция жасоочу шарттары жана жаңы медициналык жабдуулары менен айырмаланат. Кудай буюрса, 1 аптанын ичинде бул жер толук кандуу иштеп баштайт. Бул жерде операция жасоого дарыгерлер үчүн да, ооруп келген бейтаптар үчүн да жакшы шарттар түзүлгөн. Кытай өкмөтүнө ыраазычылык билдирем”,- деди ал.
Бишкекте жаӊы медициналык борбор ачылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан