Кыргыз балбаны Олимпиада оюндарына жолдомо алды

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Элмирбек Сабиров өспүрүмдөрдүн Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Күрөш федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, балбан 60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашат. Сабиров Өзбекстанда өткөн Азия чемпиондугунда 3-орунду ээлеген. Бирок Олимпиада оюндарына болгон лицензия чемпиондорго гана берилген.

"Бириккен күрөш дүйнөсү Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясына өлкөнүн 60 килограммга чейинки салмак чениндеги балбан үчүн 1 квота бар экенин билдиришкен. Кыргыз өлкөсүнүн Олимпиада комитети квотаны тастыктады", - деп билдиришти федерациядан.

Өспүрүмдөр Олимпиадасы 6-18-октябрь аралыгында Аргентинанын Буэйнос-Айрес шаарында өтөт. Азыркы тапта Кыргыз курамасынын жалпы 8 жолдомосу бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан