Бүгүн, 31-август. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Өлкөдө Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүккө жетишкенинин 27 жылдыгы белгиленүүдө. Бүгүн мамлекетибиздин өз алдынча түтүн булатканына 27 жыл толду. Бишкекте борбордук "Ала-Тоо" аянтында майрамдык салтанат өтүп, ага президент Сооронбай Жээнбеков баштаган өлкө жетекчилиги, экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеӊештин депутаттары, өкмөт өкүлдөрү, шаар тургундары катышты.
1991-жылы 31-августта Кыргыз ССРинин Жогорку Кеӊешинин кезексиз сессиясында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгы жөнүндө декларация кабыл алынып, төрага Медеткан Шеримкулов кол койгон. Ушул тарыхый окуядан тартып Кыргыз өлкөсү дүйнө коомчулугуна эгемен өлкө катары кошулган.
Өлкө 27 жылда эмнелерге жетишти? Чыныгы эгемен, демократиялык өлкөгө айлана алдыбы? Мындай суроого ооба деген жооп алуу азырынча мүмкүн эмес. 2 жолу революция болуп, бийликтеги топ өлкөдөн куулганы менен Кыргызда абал кескин өзгөрүп кетпеди. Кыргыз өлкөсүнүн бул жылдар аралыгында Орусия менен Кытай өӊдүү ири державаларга көз карандылыгы артып баратат. Азыркы тапта 1 миллиондой жаран чет жерде эмгек мигранты, алардын көбү Орусияда. Дал ошол мигранттар өлкөнү багып жатышат. Эмгек мигранттарын мекенине кайтарып, иш менен камсыздоого өлкө даяр эмес. Ал эми Кыргыздын Кытайдан алган карызы 1,7 миллиард долларга жетти. Эксперттер карызды төлөөгө келгенде Кыргыз өлкөсү катуу кыйынчылыкка туш болот деп эмитен эскертип жатышат. Өлкөбүздө адам укуктарын коргоо, сөз эркиндиги, демократия деген баалуулуктар "коӊшу өлкөлөргө салыштырмалуу жакшы" деген аныктама менен өлчөнүп келет. Сөз эркиндиги бар болушу үчүн айрым жарандар өмүрү менен коштошууга аргасыз болгон күндөр да өттү. Ошентсе да Кыргыз Республикасы өнүгүүнүн көп көрсөткүчтөрү боюнча дүйнөлүк рейтингдерде артта келе жатат. Эл бийлик алмашкан сайын үмүт артып, 27 жылдан бери Кыргызстандын өнүгүүсүн күтүүдө.
Бүгүнкү майрамга карата "Ала-Тоо" аянтында өткөн иш-чарада өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков: "Эркиндик эч качан белекке берилбейт, тартууланбайт. Ал күрөш менен келет, бүгүнкү эркиндик үчүн эчендеген эр азаматтар өмүрүн арнаган", - деп кыргыз элин ынтымакка, биримдикке чакырды. 27 жыл тарыхый өлчөмдө аз эле убакыт экенин, бирок Кыргыз мааниси жагынан кылымга тете жолду басып өткөнүн белгилеген Жээнбеков куттуктоосун президенттик шайлоодогу "өлкөдөн өткөн дөөлөт жок" деген ураан менен жыйынтыктады. "Ала-Тоо" аянтындагы салтанатка өлкө жетекчилиги, экс-президент Роза Отунбаева, коомдук-саясий ишмерлер, атактуу спортчулар, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери катышты. Экс-президент Алмазбек Атамбаев да салтанатка чакырылып, бирок ден соолугуна байланыштуу бул иш-чарага катышкан жок. КСДПнын катчылыгы кечээ экс-президент радикулиттен улам эл көп чогулган жерлерде, иш-чараларга азырынча катышпай турганын жарыялаган. Эгемендүүлүк күнүнүн урматына уюштурулган салтанатка Атамбаевдин катышар же катышпасын коомчулук бир нече күн талкууга алды. "Келе албайт" дегендер менен катар коомчулукта Атамбаев ар түрдүү иш-чараларга катышып президенттен төр талаша бербей, азырынча хан ордодон обочо турганы оӊ дегендер да бар. Тез-тез маалымат жыйын берип, азыркы бийликтин ар бир кадамына, аракетине комментарий бере берсе, Атамбаев ого бетер өлкөнүн тынчын алмак.
Негизи учурдагы жана мурунку президенттердин коомдук иш-чараларга бирге катышып, жанаша жүрүшү, мамлекет үчүн маанилүү учурларда биргелешип аракет кылуусу көп өлкөлөрдө кадимки көрүнүш. Ал эми 2 революцияны баштан өткөрүп, 2 президентти бийликтен кууп жиберген Кыргызга мындай саясий маданиятка жетиш үчүн дагы убакыт керек өңдүү.
Буга чейин Ош шаарынын мэринин бут алдына төшөлгөн килеми талкууга алынып келсе, бул ирет майрамдык иш-чарада жетекчилердин күндөн калкалаган чатыры талкууга түштү. Майрамдын урматына уюшулган концертти облус башчы Узарбек Жылкыбаев, мэр Таалайбек Сарыбашов баштаган чиновниктер аянтта атайын жасалган чатырда отуруп күзөтүштү. Ал эми чакырылган коноктор күн астында эле отурушту. Буга чейин иш-чараларда жардамчысы көтөргөн кол чатырдын астында отурган сүрөттөрү үчүн сынга алынып келген Таалайбек Сарыбашовдун кол чатыры эми ошентип чоң чатырга алмашыптыр...