Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында 1 кишилик байдарка менен жарышууда кыргыз спортчусу Руслан Молтаев финалга чыкты.
Бүгүн, 31-августта Азия оюндарынын алкагында байдарка жана каноэ менен ар кандай аралыкка сүзүү боюнча мелдештер өтүп жатат.
Руслан Молтаев 1 кишилик байдарка менен 200 метр аралыктагы жарышка чыгып 37,419 секунд убактысын көрсөткөн. Жыйынтыктоочу протоколдо Молтаев 3-орунга ээ болгон. Бул көрсөткүч кыргыз спортчусуна жарым финалдан аттап, финалдык баскычка өткөнгө мүмкүнчүлүк берди. Финалдык баскыч 1-сентябрда өтөт.