Дзюдочу Султан Жеңишбеков Олимпиада оюндарына жолдомо алды

Кыргыз дзюдочусу Султан Жеңишбеков өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу 31-августта Дзюдо федерациясынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, Жеңишбеков 60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып келген. Спортчу өспүрүмдөрдүн дүйнөлүк рейтингинде 31-орунду ээлейт.

2018-жылы дзюдочу Ташкентте өткөн Азия Кубогуна жана Азия чемпиондугуна катышкан. Ысык-Көлдө өткөн Азия Кубогунун этабында спортчу 3-орунду ээлеген.

17 жаштагы спортчу Эмгек сиңирген машыктыруучу Игорь Завражныйдын кол алдында машыгып Олимпиада оюндарында 66 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашат. Буга чейин Олимпиада оюндарына жолдомону дагы бир дзюдочу Шахида Нармухамедова алган.

Өспүрүмдөр Олимпиадасы 6-18-октябрь күндөрү Аргентинанын Буэйнос-Айрес шаарында өтөт. Азыркы тапта Кыргыз курамасынын жалпы 9 жолдомосу бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан