Реал Мадрид клубунун жана Хорватия курама командасынын жарым коргоочусу Лука Модрич "УЕФАнын мыкты футболчусу" наамын жеңип, 2017-2018-футболдук сезондун мыкты оюнчусу аталды. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайтында жарыяланган.
Маалыматка ылайык, сыйлоо аземи 30-августта Монако шаарында өттү. Бул наам үчүн Модрич менен бирге Египеттин жана Ливерпулдун чабуулчусу Мохаммед Салах жана Португалия менен Ювентустун чабуулчусу Криштиану Роналду ат салышкан.
Добуш берүүдө Модрич 313 упайга ээ болду. Роналду 223 упай менен экинчи, Салах 134 упай менен үчүнчү орунду алган болсо, алдыңкы ондукка Антуан Гризманн (72 упай), Лионель Месси (55 упай), Килиан Мбаппе (43 упай), Кевин де Брюйне (28 упай), Рафаэль Варан (23 упай), Эден Азар (15 упай) жана Серхио Рамос (12 упай) кирген.
Ошондой эле сыйлык тапшыруу аземинде ар бир позициянын мыктылары да аныкталды. "Мыкты дарбазачы наамын" - Кейлор Навас, "Мыкты коргоочу" наамын - Серхио Рамос, "Мыкты жарым коргоочу" наамын - Лука Модрич, "Мыкты чабуулчу" наамын - Криштиану Роналду жеңип алды.
"УЕФАнын мыкты футболчусу" сыйлыгын Лука Модрич алгачкы жолу жеңди. Сыйлык 2011-жылдан бери тапшырылып, бул аралыкта 3 жолу Криштиану Роналду, 2 жолу Лионель Месси, 1 жолу Андрес Иньеста дагы 1 жолу Франк Рибери жеңип алган.