Талас. Жергиликтүү бийликке шаардагы жаңы конуштардын абалын жакшыртуу тапшырмасы берилди

Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Койсун Курманалиева жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына, акимдерге жана шаар мэрине 2014-2016-жылдарга жергиликтүү бюджеттин божомолдорун түзүүдө жаңы конуштарды электр жарыгы, таза суу менен камсыз кылуу, жолдорду оңдоо иштерине сарпталчу акча каражаттарын киргизүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу 2-июлда обладминистрациянын аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Казыбек Медетбеков билдирди. Айтымында, облустагы жаңы конуштарда учурда 4600 үй-бүлө жашайт. Алардын көпчүлүгү Кара-Буура, Манас, Бакай-Ата райондорунда. “Айрым жаңы конуштардын социалдык инфраструктурасы жакшы өнүкпөй, жаш үй-бүлөлөрдү электр жарыгы, таза суу менен камсыз кылуу, жолдорду оңдоо сыяктуу шарттар жакшы түзүлгөн эмес”,- деди ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан