Азия оюндарында африкалык легионер жөө күлүктөр Бахрейн курамасынын капчыгына 23 медаль алып келишти

Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында Бахрейн өлкөсүнүн курама командасы азыркы убакта жалпы 25 медаль утуп, жалпы эсептик жадыбалда 10-орунда турган кези. Кызыгы, 25 медалды тең өлкөнүн капчыгына жөө күлүктөр алып келген.

Бахрейн өлкөсүнүн атынан бул жылы да Эфиопия, Марокко, Нигерия жана Кения өлкөлөрүнөн келген спортчулар мелдештерге чыкты. Азия оюндарында аталган өлкөнүн курама командасы уткан 25 медалдын 23үн африкалык легионерлер алып келишкен. Ал эми 2 алтын медалды жергиликтүү спортчулар Хажар Алкалди жана Али Хамис утуп алышкан.

Белгилей кетсек, эфиопиялык жөө күлүк Калкидан Бефкаду 5 миң метр аралыкка чуркоодо кыргыз спортчусу Дарья Масловадан оозуп, алтын медалды илип кеткен.

Бахрейн курамасына алтын медаль алып келген жөө күлүктөр:

1. Бирхану Балью (Эфиопия)
2. Хассан Чани (Марокко)
3. Эдидионг Одионг (Нигерия)
4. Салва Насер (Нигерия)
5. Калкидан Бефкаду (Эфиопия)
6. Винфред Яви (Кения)
7. Олувакеми Адекоя (Нигерия)
8. Роуз Челимо (Кения)
9. Иман Есса (Нигерия)
10. Хажар Алкалди (Бахрейн)
11. Али Хамис (Бахрейн)
12. Аббас Аббас (Нигерия)

Күмүш алып келген жөө күлүктөр:

1. Альберт Роп (Кения)
2. Эльхассан Эльаббасси (Марокко)
3. Абрахам Черобен (Кения)
4. Тигист Белай (Эфиопия)
5. Эунис Чумба (Кения)
6. Аминат Джамал (Нигерия)

Коло медаль алып келген жөө күлүктөр:

1. Якуб Якуб (Нигерия)
2. Мохаммед Тиуали (Марокко)
3. Манал Эльбахрауи (Марокко)
4. Бонту Ребиту (Эфиопия)
5. Нура Джасим (Нигерия).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ali-han
2018-08-31 18:15:08
Чуркай беришип ат болуп калышкан булар
0
TalaCSKA
2018-08-31 18:26:27
Бир эки спортсмен болсо бир жон почти полный состав легионер болуп катышкыча лучше жанагы эки алтын алган жигиттерин эле жиберишсе болмок экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан