Саясатчы Адахан Мадумаров: "Эгемендүүлүккө арналган мааракеге Атамбаев эле эмес, чакырылгандардын көбү барган жок"

Эгемендүүлүк күнүнө арналган мааракеге экс-президенттер Алмазбек Атамбаев менен Роза Отунбаева чакырылган. Отунбаева иш-чарага катышты, ал эми Атамбаев ден соолугуна байланыштуу катышпай турганын КСДПнын катчылыгы билдирген. SUPER.KG порталынын "Экс-президент Атамбаевдин майрамдык мааракеге катышпаганын кандай кабыл алдыңыз?" деген соболуна саясатчы Адахан Мадумаров жооп берди.

Ал Атамбаевдин эмне себептен келбей койгонуна кызыкпай турганын айтып, буларга токтолду.

"Бүгүнкү иш-чарага Атамбаев эле эмес, чакырылгандардын көбү барган жок. Алардын ичинде мен дагы бармын. Атамбаевдин эмне себептен келбей койгону тууралуу менин ишим жок. Муну 25 жыл дос болуп жүргөндөрдүн өздөрүнөн сурагыла. Алар бири-бирин жакшы билишет. Ал эми чакырылган жерге келбегендердин эки себеби бар. Биринчиси - бүгүнкү бийликке карата ишенимдин жоктугу, экинчиси - эгемендүүлүктү адам көкүрөгү менен кабыл албагандык. Бул күндү майрам катары эсептебегендик же бул күндүн кадыр-баркынын жоктугу. Бүгүнкү кыргыз азаматтары үчүн эки гана чоң майрам бар. Ал Орозо айт жана Курман айт майрамдары. Калгандары кызыл сыя менен жазып алган жөн гана күндөр. Тарыхый жактан эгемендүүлүк катары кабыл алынган күнүбүздү тарыхый баалуулук катары карашыбыз керек. Ушул майрамга милдеттүү түрдө келишиң керек деп эч ким мажбурлай албайт. Мисалы, Айт намазына 100 миңдеген адам барат. Аларды эч ким мажбурлабайт. Анткени ар бир адам ал күндү өзүнүн жүрөгү менен кабыл алып, өз каалоосу менен барат", - деди Мадумаров.

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов, экс-депутат Равшан Жээнбеков, коомдук ишмерлер Эмилбек Каптагаев, Осмонакун Ибраимов, жарандык активист Алга Кылычовдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан