Таштемир Чилдебаев Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди. Чилдебаев буга чейин Конституциялык палатанын аппаратынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп иштеп келген.