Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев: "Эгемендүүлүк күнүнө карата Атамбаев аянтка келсе жаман абалга кабылмак"

Эгемендүүлүк күнүнө арналган мааракеге экс-президенттер Алмазбек Атамбаев менен Роза Отунбаева чакырылган. Отунбаева иш-чарага катышты, ал эми Атамбаев ден соолугуна байланыштуу катышпай турганын КСДПнын катчылыгы билдирген. SUPER.KG порталынын "Экс-президент Атамбаевдин майрамдык мааракеге катышпаганын кандай кабыл алдыңыз?" деген соболуна коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев пикирин билдирди.

Каптагаевдин айтымында, Алмазбек Атамбаев мындай абалды өзү жаратып алды.

"Мамлекеттик жана ушуга окшогон жалпы саясий мааниси бар иш-чараларда "бул мага жагат, жакпайт" деген болбош керек. Ал күнү чакырыла турган адамдардын тизмеси протокол менен бекитилиши керек. Протоколдогу адамдар бүт чакырылышы зарыл, чакырылгандарга чакыруу жагабы же жакпайбы алардын келүүсү шарт. Чакырылган адамдын келиши жеке бирөөнү сыйлаганы эмес, мамлекетти, мамлекеттүүлүктү, эгемендикти сыйлаганы болуп эсептелет. Бирөөгө таарынуунун бул жерде эч кандай мааниси жок.Ал эми Алмазбек Атамбаев жаккандарды чакырып, жакпагандарды чакырбай, элди бөлүп жарып бул нерсени өзү баштап алды да. Бүгүнкү президент мамлекетти түптөөгө салым кошкондордун баарын чакырып, чоң кадам, жакшы иш жасады. Атамбаев өзүн-өзү ошондой шартка коюп алды, келсе да жаман абалга кабылмак, келбей койсо андан да жаман абалда калмак. Бул эми өзүнүн эле буга чейинки айткан сөзү, кылган ишинин кесепети болуп жатат", - деди Каптагаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов, саясатчы Адахан Мадумаров, коомдук ишмер Осмонакун Ибраимов, экс-депутат Равшан Жээнбеков, жарандык активист Алга Кылычовдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан