27-июнь күнү Жалал-Абад шаардык прокуратурасы тарабынан “адам сатуу”, “документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу” беренелери боюнча жаңы төрөлгөн ымыркайды сатуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Н.Н. аттуу айым ымыркайы боюнда бар кезде эле Жалал-Абад облустук төрөт үйүнүн М.Р аттуу кызматкерин алдап, анын паспортун колдонуп, анын аты менен ооруканага катталган. Ал 1-май күнү М.Р. аттуу аталган жарандын паспорту аркылуу жаңы төрөлгөн баласына жалган күбөлүк алып, өз баласын аталган жаранга сатып жиберген. Бул үчүн ал алдын ала 16 200 сом өлчөмүндөгү акча алган. Учурда катталган кылмыш иши боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.