Талас. 11-класстын окуучусу математика сабагы боюнча Дүйнөлүк олимпиадага катышат

18-28-июль күндөрү Колумбиянын Санта-Мария шаарында өтүүчү Дүйнөлүк 54-олимпиадага математика сабагы боюнча Таластын Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айылынын жашоочусу Арзымат Мыктыбеков катышат. “Балам "Себат" кыргыз-түрк лицейинде 10-классты ийгиликтүү аяктады. Олимпиадага кызуу даярданып учурда Бишкек шаарында”,- деди анын атасы Надырбек Мыктыбеков өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Койсун Курманалиева менен болгон жолугушууда. Ал эми облус жетекчиси мындай окуучулар менен бүтүндөй кыргыз журтчулугу сыймыктанарын айтып, акчалай жардам берип, окуучуга албан ийгиликтерди каалады.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан