III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алкагында өтчү көк бөрү боюнча мелдеште Кыргыз курамасы менен күч сынашчу командалар 2-сентябрда аныкталат. Бул тууралуу көк бөрү федерациясынан билдиришти.
Оюндун расмий ачылышынан кийин атайын чүчү кулак тартылмакчы.
Бул ирет байгелүү орундар үчүн 9 мамлекеттен келген 14 команда күч сынашат. Буга чейинки көчмөндөр оюндарына 8 команда катышып келген. 2014-2016-жылдардагы мелдештерде тең Кыргыз курамасы биринчи орунду багындырган.
Быйылкы мелдештин катышуучулары: Тажикстан, Өзбекстан, Түркия, Орусия, Франция, АКШ, Казакстан, Кытай, Башкортостан, Бурятия, Ооганстан жана Алтай.