Жөө күлүк Дарья Маслова Жеңил атлетика федерациясынан 1 миллион сом суммасындагы акчалай сыйлык алат. Бул тууралуу федерациянын президенти Канат Аманкулов билдирди.
"Кыргыз өлкөсүнүн тарыхында алгачкы жолу спортчу Азия оюндарында алтын жана күмүш медалды удаасы менен жеңип отурат. Климаттык шарттардын катаалдыгына карабай Дарья жеңишке жетти. Акыркы 5 жылдан бери спортчу менен машыктыруучу Виктор Борисов даярданып келет. Жеңил атлетика федерациясынын атынан Дарья 1 миллион сом акчалай сыйлык алат", - деп билдирди Аманкулов.
Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында Маслова 10 миң метр аралыкка чуркоодо алтын, ал эми 5 миң метр аралыкка чуркоодо күмүш медалга ээ болгон.
Кыргыз Республикасынын өкмөтү чыгарган буйрукка ылайык, жөө күлүк мамлекет тарабынан бир жолу берилүүчү акчалай сыйлыкка дагы ээ болот. Алтын медалы үчүн 1 миллион 250 миң сом жана күмүш байгеси үчүн 750 миң сом алат.