Жайкы Азия оюндарында Кыргыз самбочулары медалсыз калышты

Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында самбо боюнча барган Кыргыз спортчулары медалсыз калышты.

Оюндардын алкагында самбо боюнча мелдештер 31-августта жана 1-сентябрда болуп өттү. Жалпы 4 медалдар топтому ойнотулду.

Кыргыз курамасынын атынан 5 спортчу килем үстүнө чыгып, жалгыз гана Анара Жуманали кызы жарым чейрек финалда өзүнүн түркмөнстандык атаандашын жеңе алды. Ал эми калган 4 спортчу бир да атаандашын жеңе алган жок.

Кыргыз самбочуларынын жыйынтыктары:

31-август

52 килограммга чейинки салмак ченинде:

Азамат Асакеев - көңүл жубатарлык турнирде утулуп калган;

Тилек Аманкулов - жарым чейрек финалда утулуп калды.

48 килограммга чейинки салмак ченинде:

Анара Жумали кызы - көңүл жубатарлык турнирде утулуп калган.

1-сентябрь

68 килограммга чейинки салмак ченинде:

Анара Эстебесова - көңүл жубатарлык турнирде утулуп калган.

90 килограммга чейинки салмак ченинде:

Урмат Мамбетжан уулу - жарым чейрек финалда утулуп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан