АКШда улгайган аял 50 жыл жарандык никеде жашаган курбусуна баш кошту. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Юта штатынын соту 74 жаштагы Бонни Фостерди жана анын 2018-жылдын май айында каза болуп калган курбусу Беверли Гроссанды мыйзамдуу түрдө жубайлар деп жарыялаган. Түгөйлөр баш кошуу тууралуу арызды Гроссандын көзү тирүү кезинде эле беришкен.
"Мен көгөргөн көзүмдү кара көз айнектердин алдында катып жүргөм. Беверли "көз айнегиңди чеч" деп айткан маалда анын сулуу, мээрим төгүлүп турган көздөрүн көрүп дароо жактыргам", - деп билдирген Фостер.
Түгөйлөр 1968-жылы Нью-Йоркто таанышкан. Бонни Фостер ал маалда аны ур-токмокко алган күйөөсүнөн качып жүргөн.