Эрдоган: "Түркия Кыргыз өлкөсүнө аэропорт курууга жардам берүүгө даяр"

"Бул отурумдун маанилүү максаты бар" деп сөзүн баштады Түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда.

Эрдоган жолугушуунун маанилүү маселелерин айтып өттү.

"Биздин делегациянын атынан сизге ыраазычылык билдирем. Биз 1991-жылдан бери бири-бирибизге жардам берүүгө аракет кылдык. 15-июлдагы окуялардын айынан бизде бир нече суроолор пайда болгон. Бизди ойго салган ошол болчу. Биздин достук мамилебизди парламенттик деңгээлде чыгарабыз.

Алдыда эки тараптуу соода алакасын 1 миллиард долларга чейин жеткиребиз. Биздин ишкерлерге көбүрөөк колдоо көрсөтсөңүздөр. Сиздерге жаңы аэропортторду куруу боюнча жаңы системди сунуштайбыз. Бул тармакта бардык жардамды берүүгө даярбыз. Бул маселени мен эртеңки бизнес-форумда да көтөрөм", - деди Эрдоган.

Учурда эки тараптуу кеңири форматтагы сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Иш-чара Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Erik2018
2018-09-01 21:01:04
Түркия Кыргызстандын негизги өнөктөшү. Кыргызстандык мекендештер ал жакта көп, студенттер дагы акысыз билим алып жатышат. Эми Жээнбеков келиши менен эки мамлекеттин карым-катнашы мурунку жылыдарга салыштырмалуу бир топ жанданды. Бул дагы Жээнбекодун тышкы саясатты туура багытта жүргүзүп жатканы менен кабар берет.
+14
Erik2018
2018-09-01 21:11:39
Түркия менен алакабыз эми жакшырды окшойт. Атамбаев оозунан жаңылып, бир катар жаңылыштык кетирди эле. Эми абал жакшырды. Бул дагы президенттин тышкы саясаты туура багытта бара жатканы менен кабар берет.
+5
Salaf
2018-09-01 21:21:27
Ооба, булар орустарга окшоп (Нарын ГЭСти таштап кетип калыштыго) жарым жолго таштап койбой, аэропорттуда куруп беришет, себеби өздөрүнө жакында эле 100 млнго жакын адамды тейлөөгө шарты бар Европадагы эң чоң Аэропортту куруп бүтүрүштүго. Тиги жаңы мечитта жарым жолдо курулбай, акчаларын жеп таштап коюшту эле биздин жеп жутарлар, аныда Түрктөр колго алып аягына чыгарып беришти.
+4
Aliyar85
2018-09-02 15:20:23
Salaf,бут куру соз гести курган путиндей алдап кетет и турктордун лирасы кучун жоготкондо чон енесинин акчасыга курабы!
0
bond02
2018-09-01 21:35:48
Курулуп калса го жакшы болот бизге, бирок Эрдоган да оной киши эмес, Эрдоган аны куруп берем муну салып берем деди деп эле суйунбойлу, бул кылган нерсесинин акысына Кыргызстандан эмнени сурады же кандай шарт койду ошону да жазгыла бир тарап кылбай, анан кийин мындай макулдашууга кол койгон элек деп бармак тиштебей.
+8
Romantik.
2018-09-01 23:07:20
Эгер курса кайсыл жерге курат?
Чооң футбол стадионун куруп беришсе жакшы броот эле))) Аэропорттон көрө))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан