"Бул отурумдун маанилүү максаты бар" деп сөзүн баштады Түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда.
Эрдоган жолугушуунун маанилүү маселелерин айтып өттү.
"Биздин делегациянын атынан сизге ыраазычылык билдирем. Биз 1991-жылдан бери бири-бирибизге жардам берүүгө аракет кылдык. 15-июлдагы окуялардын айынан бизде бир нече суроолор пайда болгон. Бизди ойго салган ошол болчу. Биздин достук мамилебизди парламенттик деңгээлде чыгарабыз.
Алдыда эки тараптуу соода алакасын 1 миллиард долларга чейин жеткиребиз. Биздин ишкерлерге көбүрөөк колдоо көрсөтсөңүздөр. Сиздерге жаңы аэропортторду куруу боюнча жаңы системди сунуштайбыз. Бул тармакта бардык жардамды берүүгө даярбыз. Бул маселени мен эртеңки бизнес-форумда да көтөрөм", - деди Эрдоган.
Учурда эки тараптуу кеңири форматтагы сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Иш-чара Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүүдө.