Бүгүн, 2-сентябрда Ысык-Көл жергесинде башталган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жеңүүчүлөргө бериле турчу медалдардын сүрөтү жарыяланды.
Оюндардын алкагында эркектер арасында спорттун 37 түрү боюнча, ал эми кыз-келиндер арасында спорттун 16 түрү боюнча мелдештер өтөт. Анын ичинде салбуурун, улуттук интеллектуалдык оюндар жана жаа атуу дагы бар. Мелдештерде 82 өлкөдөн келген спортчулар арасында 549 медалдар топтому ойнотулат. Алардын ичинен 174 алтын, 173 күмүш жана 247 коло медаль.
Азыркы тапта оюндардын алгачкы жеңүүчүлөрү белгилүү болду. Анда тажик күрөшү боюнча балбандар Артур Зулкарнаев жана Аннамурад Мурадов оюндардын чемпиону аталышты.