Орусиялык ырчы Борис Моисеевдин таанылгыс болуп өзгөргөн келбети күйөрмандарын ойго салды

Орусиялык актёр, ырчы жана бийчи Борис Моисеевдин таанылгыс болуп өзгөргөн келбети көпчүлүк күйөрмандарын ойго салды. Бул тууралуу бир канча орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалым болгондой, актёр бир канча убакыттан бери эл көзүнөн оолак жүрүп, жаңы тасмаларга тартылбай, концерттерге катышууну да токтоткон. Ал эми кечээ, 2-сентябрда белгилүү ырчы Иосиф Кобзонду акыркы сапарга узатуу зыйнатына гүл көтөрүп алып келген. Ошол эле күнү жүзү шишип калган актёрдун сүрөттөрү интернет желесине тарап, күйөрмандарын бир топ кабатыр кылган.

Белгилей кетсек, Моисеев 2010-жылы инсультка кабылып, ошондон тартып эл көзүнөн алыстап жүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Sveta23
2018-09-03 08:49:54
ооруга арга жок да туугандар.Дайыма сулуу келбеттүү болуп жүрө берсек жакшы болбойбу.
+11
Dembele84
2018-09-03 13:46:37
Бул ырчы озу коптон бери оору менен алышып журот....
+2
Farra16gsin
2018-09-03 15:02:52
Кайран гана Боря сакайып кетсин!
+2
Kroxa
2018-09-06 08:50:11
Оорусу куч экени корунуп турат,,сакайып кетсин...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан