Голливуддагы атактуу бир туугандар Ким Кардашьян, Кайли жана Кендалл Женнердин апасы, белгилүү тележылдыз, ишкер жана "Кардашьяндардын үй-бүлөсү" реалити-шоунун баш каарманы Крис Женнер өзүнүн гардеробун коомчулукка көрсөттү.
Анын гардеробунда бир эле эмес, бир канча бренддин аксессуарлары, сумкалары жана кийимдери орун алган. 62 жаштагы Женнердин гардеробуна көз жүгүртүп, анын табити жаштардыкынан кем калбай турганын байкоого болот.
Көйнөктөрү, спорттук кийимдеринин ар бири катары менен кийим илгичтерге илинип турса, бут кийимдерин көргөндө дүкөндө жүргөндөй эле сезим калтырат.
Тележылдыздын айтымында, кийим-кечек жана аксессуарлардын көп санда болуусу - бул реалити-шоунун талабы.
"Съёмка учурунда ар түрдүү образдарды чагылдыруу керек болгондуктан, бардык керектүү буюмдарды сатып алууга туура келет" деген ал.
Ошондой эле гардеробунда бир гана өзү сатып алган эмес, жакын адамдары белек кылган аксессуарлар да басымдуулук кыла турганын айткан.