Базар-Коргон районунда селден улам тосулган жол каттамды тазалоо иштери жүрүүдө

27-июнь күнү саат 16:00дө Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылында Кең-Кол жайлоосуна баруучу ички чарбалык жолдун 5-чакырымында сел жүрүп, жолдун эки жээгиндеги шагылдарын жууп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, селден улам жолдун 5,5-6-чакырымында шагыл таштар агып түшүп, жол каттамын тосуп калган. Ошондой эле 6-5-чакырымында 80 метр аралыгын сел суулары жеп,  каттам токтоп калган. Учурда ӨКМнын куткаруучулары тарабынан жолдорду тазалоо иштери жүрүп, бүгүн, саат 12:00дө убактылуу бир багытка каттам ачылды. Кең-Кол жайлоосунда калып калган 45 унаа өз багыттары менен кетишти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан