Ырыскелди Осмонкуловдун көчмөндөр оюндарынын ачылышында кийген кийими сынга кабылды

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышындагы айрым көрүнүштөр интернет колдонуучулары арасында ар кандай талкууга жем таштады.

Алгач Кыргыз делегациясынын арасындагы кыздын калпак кийип алгандыгы көрүүчүлөр арасында суроо жаратса, кийин Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Ырыскелди Осмонкуловдун сахнага кийип чыккан кийими сынга кабылды.

Театрлаштырылган салтанаттуу ачылыш аземдин жүрүшүндө Кыргыз эстрада жылдыздары Көчмөндөр гимнин аткарышкан. Анда сахнага улуттук кийимдерди кийип чыккан ырчылардын арасында Осмонкуловдун футболка менен этеги узун жемпир кийип алганы элдин нааразычылыгын жаратты. Мындан улам көптөгөн интернет колдонуучулары "ушундай маанилүү иш-чарада жоопкерчиликти сезип, улуттук кийим менен чыкса болмок", - деген пикирлерин айтышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
pat12
2018-09-03 14:20:59
Сынчы болбой ырчы бол дейт кыргызда. Болбогон нерсеге конул бура берсек бири бирибизди андымай заманга отуп калабыз. Бири бирибизге бут тосмой ушундай мелочтон башталат.
-8
Mederbek0811
2018-09-03 15:26:58
pat12,бардык нерсе майда деп маани бербегенден,кайдыгерликтен башталат. Бирокбул майда дей турган корунуш эмес! Маанилуу азем башка олко элдерине, кыргыз элинин маданиятын,жузун корсотуп жатат. Чындыгында улуттук кийим кийсе туура болмок.
+4
pat12
2018-09-03 14:44:01
Бири бирибизди андыганды токтотолучу. Калп эле жыланач баатыр боло бербей.
-7
Snejana
2018-09-03 15:18:55
pat12,туура айтасыз. Бироонун конулун оорутпайлычы. Жок дегенде жакшы созубузду аябайлы.
-7
admin_superstan
2018-09-03 17:13:58
Suior85, порталдын эрежелерин сактаңыз!
-1
admin_superstan
2018-09-03 17:15:09
bessmertiy, CEO1,
Жеке айтышууларга жол берип, порталдын башка колдонуучуларын кемсинтип, мазактоодон алыс болгула!
-1
nurhan2702
2018-09-03 18:10:04
Киргиз болуп обу жоктоном деп сынга алыныптыр да
0
marat009
2018-09-04 09:48:18
Кайрат кыргыз ушинтип кийинип чыкса мейли дейт элэк
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан