Учурда хит болуп жаткан "Күттүм, ай" чыгармасын Казакстандын мега жылдызы Кайрат Нуртас жаңы аранжировка менен ырдап жаткан видеосу социалдык тармакка жайылып, кызуу талкуу жаратты. Буга чейин аталган ырдын автору жана аткаруучусу Джонни: “Кайрат Нуртастын менеджери чалып “Кайрат Нуртас сиздин ырыңызды аткарууга кызыкдар” деген оюн айткан. Бирок мен бербей, ойлонуп көрүүнү туура көрдүм" деген ал "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде. Ырчы казак жылдызынын бул чыгарманы жаздырып чыкканы боюнча буларды билдирди.
"Негизи бул чыгарманы 3-4 ырчы башка тилде аткарып чыгалы деп сураган. Алардын арасында Кайрат Нуртас дагы бар болчу. "Күттүм, ай" чыгармасын өзүм казак тилинде аткарып чыгайын деп ойлогом. Мага Кайрат Нуртастын продюсери чалып, ырды аткарып чыгууга кызыкдар болуп жатканын айтканда ойлонуп көрөйүн дегем. Бирок мен жообун бергиче алар студиядан чыгарманы жаңы аранжировка менен жаздырып баштаганын ырчынын социалдык тармактагы жеке баракчасынан көрүп калдым. Ошондо ырчынын менеджерине чалып "ырды казак тилинде жаздырып жатыптырсыңар, мен макулдугумду бере элекмин да" десем, "биз сиздин жообуңузду эле күтүп жатабыз, ырды чыгара элекпиз" деди. Ошондон кийин чыгарма Кайрат Нуртаска аябай жагып жаткан болсо ырды сатпай эле достукту бекемдөө максатында берейин деп чечтим. Эми Кайрат Нуртастын өзү менен сүйлөшүп ырды аткарып чыгуусуна макул экендигимди айтам. Кайрат мырза жаман ырдабайт, ал дагы бул чыгарманын мындан дагы көп угуучуларын топтогонго жардам берет деген ниеттемин", - дейт ырчы.